> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Центерра Голддун» акционерлери «Кумтөрдү» акцияларга алмаштыруу боюнча резолюцияны жактырышты
- URL: https://im.kg/all/2022/07/26/centerra-golddun-akcionerleri-kumt-rd-akciyalarga-almashtyruu-bojuncha-rezoljuciyany-zhaktyryshty/
- Published: 2022-07-26T10:20:00.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:13:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 25-июлда өткөн акционерлердин кезексиз жыйынында “Кумтөр” долбоору боюнча Кыргызстан менен келишим түзүү резолюциясын көпчүлүк добуш менен жактырышты. Бул тууралуу компаниянын пресс-релизинде айтылат.**

> «Кабыл алынган резолюцияда бүтүмдөрдүн айрым аспектилерин ишке ашырууга алып келе турган келишимдердин сунушталган планы бекитилди», — деп айтылат билдирүүдө.

> Белгилей кетсек, бул шарттар Кумтөр кениндеги Centerra Gold компаниясынын үлүшүн алмаштырууну камтыйт, башкача айтканда, **«Кыргызалтын» ААК «Кумтөр Голд Компанинин» 100% акциясын алат, бирок Кыргызстанга таандык «Центерра Голддун» 26.1% акциясын канадалык компанияга өткөрүп берет**.

“Центерранын” айтымында, келишимдин жабылышы башка нерселер менен катар Онтарио Жогорку сотунун акыркы чечиминен да көз каранды. Макулдук алуу арызы 28-июлда кабыл алынышы күтүлүүдө.