> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чет өлкөгө алтынды сатуу азайгандыктан, КРнын экспорту 14%га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/26/chet-lk-g-altyndy-satuu-azajgandyktan-krnyn-eksportu-14-ga-t-m-nd-d/
- Published: 2022-07-26T16:39:38.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда импорт январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65.8%га өстү. Экспорт тескерисинче, 14.3%га кыскарган. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) макро-баяндамасында айтылат.**

Маалым болгондой, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү өткөн жылга салыштырмалуу **43.3%га өскөн**. Бул импорттун өсүшү менен шартталган. Бул республикада экономикалык активдүүлүктүн жанданышы, ошондой эле дүйнөлүк баанын өсүшү менен түшүндүрүлөт.

> Экспорттун азайышы, эксперттердин баамында, көбүнчө **алтындын чет өлкөлөргө ташуунун азайышына** байланыштуу болгон.

Тышкы сооданын кеңейиши башка нерселер менен катар эле ЕАЭБ рыногу менен байланыштуу. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт **26.4%га**, ал эми алардан импорт 13.3%га өскөн.

---

2022-жылдын январь-май айларында [КРнын тышкы соода жүгүртүүсү](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/15/5-ajdagy-krnyn-sooda-zh-g-rt-s-eksport-18-import-82-dy-t-zg-n/) 3.9 млн долларды түзгөн жана 2021-жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу (импорттун эсебинен) 45%га өскөн.