> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

#  КРда банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/07/26/krda-bank-sistemasynyn-dollarlashuu-k-rs-tk-ch-akyryndyk-menen-t-m-nd-d/
- Published: 2022-07-26T14:19:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө. Мындай билдирүү бүгүн, 26-июлда регулятордун эсептик ченди 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алгандыгы тууралуу маалыматтын ичинде айтылат.**

Улуттук банк кредиттик жигердүүлүк экономиканын реалдуу секторунун улуттук валютада кредиттөөсүнүн кеӊейүүсү менен колдоого алынып жатканын айтат.

> “Жаӊыдан берилген сом түрүндөгү кредиттердин көлөмү 2022-жылдын февраль-май айларынын жыйынтыгы боюнча 16.2%га көбөйгөн (өсүш 6.8 млрд сом тегерегинде болгон). Банк системасынын долларлашуу көрсөткүчү акырындык менен төмөндөөдө”, – дейт регулятор.

 2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча **депозиттердин** долларлашуусу **42.2%ды**, **кредиттердин** долларлашуусу – **25.9%ды** түзгөн.