> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Өзбекстанга транспорттук-логистикалык жактан тыгыз кызматташууну сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2022/07/26/kyrgyzstan-zbekstanga-logistikalyk-zhaktan-tygyz-kyzmattashuunu-sunushtady/
- Published: 2022-07-26T09:15:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:31:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**22-июлда КРнын Өзбекстандагы элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстандын** 
**транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушуп, анын жүрүшүндө** 
**эки мамлекет ортосундагы транспорттук-логистикалык** 
**кызматташууну кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.** 

Тараптар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун  
ишке ашыруунун жүрүшү жана бул жаатта кызматташууну мындан ары  
өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди жигерлентүү зарылдыгы  
тууралуу пикир алмашышкан.

> “Мындан тышкары, **«Үч-Коргон – Дароот-Коргон»** автожолунун курулушу,  
> үчүнчү өлкөлөргө эл аралык жүк ташуу үчүн кошумча уруксат бланктарын  
> алмашуу, жайкы туристтик сезонго **«Ташкент – Каракол – Ташкент»** эл аралык  
> автобус каттамын ачуу, **«Ташкент – Балыкчы»** маршруту боюнча темир жол  
> жана **«Ташкент – Тамчы – Ташкент»** чартердик авиакаттамдарын, ошондой эле **«Ош – Андижан»,** **«Кызыл-Кыя – Фергана»** багыты боюнча туруктуу автобус  
> каттамдарын жандандырууну ишке ашыруу маселелери талкууланды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Элчи Джаманбаев ошондой эле **«Ош – Ташкент – Ош»** багыты боюнча  
аба каттамдарын ачуу жана **«Самарканд – Тамчы – Самарканд»** багыттары  
боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну  
сунуштады.