> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Текстиль Транс» үч өндүрүш ишканасын ишке киргизет
- URL: https://im.kg/all/2022/07/26/tekstil-trans-ch-nd-r-sh-ishkanasyn-ishke-kirgizet/
- Published: 2022-07-26T14:04:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Текстиль Транс» ЖЧК үч өндүрүш ишканасын – пахта тазалоочу заводду, текстиль фабрикасын жана жинсы өндүрүшүн ишке киргизет. Бул тууралуу кечээ, 25-июлда Экономика министрлигинин 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында министрдин орун басары Вероника Исаева билдирди.**

Анын айтымында, жылдын экинчи жарымында «Текстиль Транс» Токмок шаарынын өнөр жай аймагында жылына 12 миң тонна була өндүрүүчү кубаттуулукка ээ жана 100гө жакын жумушчу орун менен камсыз кылган **пахта тазалоочу завод** ачууну пландоодо. Ошондой эле өндүрүш кубаттуулугун жана токуу кездемесин чыгарууну көбөйтүү максатында **текстиль фабрикасынын** курулушунун экинчи фазасын бүткөрүү иштери жүрүп жатат жана ал 100 адамды жумуш оруну менен камсыз кылмакчы.

> Мындан тышкары, «Текстиль Транс» ишканасы үстүбүздөгү жылдын август айында штатында 80 адамды камтыган, суткасына миң даанага чейин продукция чыгарган **жинсы өндүрүшүн** ишке киргизүүнү пландап жатат.

Ошондой эле «Салкын» ЖЧКсы август айында Каракол шаарында 200 жумуш орундуу кийим тигүү өндүрүшүнүн филиалын ачууну көздөөдө.