> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук валютадагы депозиттик база 22%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/26/uluttuk-valjutadagy-depozittik-baza-22-ga-st/
- Published: 2022-07-26T14:29:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча, улуттук валютадагы депозиттик база 2021-жылдын май айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 22%га өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.** 

Улуттук банк учурдагы күндөлүк монетардык саясатын экономикада инфляциялык процесстерди ооздуктоо жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда баанын глобалдуу өсүш тенденциясынын терс таасирин төмөндөтүү зарылчылыгы менен жүргүзүп жатканын белгилейт. 

> “Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын маанилүү натыйжаларынын бири болуп, сом түрүндөгү финансылык активдердин, анын ичинде сом түрүндөгү мөөнөттүү аманаттардын өтүмдүүлүгүнүн жогорулашы саналат. Банк системасынын жаӊыдан кабыл алынган сом түрүндөгү мөөнөттүү депозиттеринин көлөмү 2022-жылдын февраль айынан май айларына чейинки мезгил аралыгында 30.4%га2 (өсүш 5\. млрд сом2 тегерегинде) өстү”, – дейт Улуттук банк.