> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдан баштап «социалдык контракт» бүткүл өлкөдө ишке кирет - аялуу категориядагы бүлөлөр 100 миң сомдон алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/27/2023-zhyldan-bashtap-socialdyk-kontrakt-b-tk-l-lk-d-ishke-kiret-ayaluu-kategoriyaga-kirgen-b-l-l-r-100-mi-somdon-alyshat/
- Published: 2022-07-27T10:33:57.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:05:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кийинки жылдан баштап социалдык контракт бүткүл өлкө боюнча ишке киргизилет деп пландалууда. Бул тууралуу Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун тургундарына социалдык контракт тууралуу айтып берип жатып билдирди.**

Белгилей кетсек, “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында пилоттук режимде Кадамжай районунда, Баткен облусунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө **100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар** акысыз берилген. 

2022-жылдын февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары киреше алып келүүчү бизнес-пландарды ийгиликтүү [ишке ашырышкан](http://localhost/info-portal/novosti/2022/05/17/granty-na-biznes-vmesto-posobij-poluchili-100-semej-i-zapustili-svoe-delo/). 

> “Жакында эле социалдык келишимдин негизинде социалдык контракт көрсөтүү жөнүндө жобо бекитилди. Кийинки жылдан баштап социалдык контракт бүткүл өлкө боюнча ишке киргизилет деп пландалууда. Биз”үй-бүлөгө көмөк” алычуулардын арасында 2800 үй бүлөгө 100 миң сомдон бизнес баштаганга таратабыз”, – деди Базарбаев.