> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда сунушталган айлык акы 3%га төмөндөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/27/kyrgyzstanda-sunushtalgan-ajlyk-aky-3-ga-t-m-nd-d/
- Published: 2022-07-27T10:04:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2022-жылдын экинчи кварталында сунушталган айлык маяна өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3%га төмөндөдү.** **Мындай көрсөткүчтү HeadHunter ([headhunter.kg](https://bishkek.headhunter.kg/)) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансияларга жүргүзүлгөн анализинин негизинде билдирди.**

Жумуш издеп жүргөн кыргызстандыктар 2022-жылы орточо эмгек акы 34.6 миң сомду түзөт деп күтүшүүдө. Бирок ошол эле учурда орточо сунушталган эмгек акы 10%га аз жана **31 миң сомду** гана түзүүдө.

**HeadHunter жогору маяна карап, жумуш издегендер төмөнкү кесиптик багыттарга көңүл бурушу керек дейт:**

- Эң жакшы вариант болуп **консультациялык кызматтар** саналууда. Мисалы, риэлторлор, маалымат талдоочулар, брокерлер, жана башка ушул сыяктуу бул сферада алектенгендердин орточо эмгек акысы – **70 миң сомду** түзөт
- Ошондой эле **чийки затты казып алуу чөйрөсүндөгү** геодезист, инженер, геологдордун орточо айлыгы **60 миң сомдон жогору** болууда.
- **IT тармагында** жаңы иштеп баштаган адистер **35 миң сомдон** ала баштаса, тажрыйбалуулардын маянасы **140 миң сомдун** тегерегин түзөт.

> “Кадрларды сактап калуу үчүн компаниялар эмгек акыны индексациялоого, сунуштар рыногуна мониторинг жүргүзүүгө, ички корпоративдик маданият жана башкарууга көңүл бурушу керек”, – дейт аталган портал.

---

Эскерте кетсек, Улутстатком 2022-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы **22 084 сомду** түзгөнүн [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/06/24/kyrgyzstandyktardyn-ortocho-ajlygy-22-mi-somgo-zhetti-uluttuk-statistikalyk-komitet/) болчу.