> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/28/alyans-altyn-talas-oblusun-n-kt-r-chun-venger-kyrgyz-fondu-menen-kyzmattashat/
- Published: 2022-07-28T11:30:03.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:33:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 27-июлда «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшканын «Альянс Алтын» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Меморандумдун максаты – узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Темирбек Эркинов белгилегендей, «Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүүгө басым жасайт жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ар кандай долбоорлорду **каржылоого** жана Венгриянын **жабдууларын сатып алууга жардам берүүгө** даяр.

> «Алдыда чоң долбоорлор турат, аларды ишке ашырууга Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу буга жардам берет деп ишенем. **Биргелешип** Талас облусу үчүн көп иштерди жасай алабыз», – деди Сабир Рахматов.

**Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашышты:**

- Талас облусунда кичи жана орто бизнес тармагындагы **бизнес-долбоорлорду** алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу
- Жаңы **өндүрүштүк кубаттуулукту** жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү
- **Талас облусунун ишкерлери менен Венгриянын** ортосундагы байланыштарды түзүү
- Долбоорлорду, анын ичинде **инновациялык долбоорлорду каржылоонун шарттары** жөнүндө маалымат берүү
- **Венгрияда жасалган товарларды**, кызматтарды жана жабдууларды издөө
- Рыноктун ар кандай сегменттери боюнча **аналитикалык** жана статистикалык маалымат алмашуу
- **Мал чарбасын**, сүт азыктарын өнүктүрүү жана аларды сатууга көмөктөшүү.