> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр энергиясына арзан тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/28/d1-8d-d0-bb-d0-b5-d0-ba-d1-82-d1-80-d1-8d-d0-bd-d0-b5-d1-80-d0-b3-d0-b8-d1-8f-d1-81-d1-8b-d0-bd-d0-b0-d0-b0-d1-80-d0-b7-d0-b0-d0-bd-d1-82-d0-b0-d1-80-/
- Published: 2022-07-28T09:14:09.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калк үчүн төмөн тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу кечээ, 27-июлда маалымат жыйынында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.**

> Анын айтымында, буга чейин тиешелүү токтомго кол коюлган. Бул акча калк үчүн тарифтерди субсидиялоого жумшалат.

Энергетика министрлиги 2021-жылдын аягында электр энергиясынын **өздүк наркы** 1 кВт/саатка 1.5 сомдон ашканын белгиледи. Учурдагы тарифтер аны жаппайт.

Бекмурзаев жакынкы аралыкта Кыргызстан тарифтерди кайра карап чыгышы керек. Министрдин айтымында, келерки жылы минималдуу тариф 1.5 сом болсо, 2030-жылы ал эки эсеге көтөрүлүшү керек.