> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Долларды нак акчага айландырууда алынган комиссиянын өлчөмүн банктар өздөрү бекитет - Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2022/07/28/dollardy-nak-akchaga-ajlandyruuda-alyngan-komissiyanyn-lch-m-n-banktar-zd-r-bekitet-uluttuk-bank/
- Published: 2022-07-28T17:15:52.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:43:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк, бүгүн, 28-июлга карата банк секторундагы жана валюта рыногундагы жагдай тууралуу кенен[ маалымат](https://www.facebook.com/kyrgyzbank1992/posts/pfbid033ksNYqTb3usu2RanBcB4oWWTV6iMogMutBLqa3uWNX23dGom5Psw3XvctFGVuUaJl) берди.**

Анда регулятор банктардын маалыматтарына ылайык, АКШ долларын нак акчага айландыруу үчүн комиссиянын минималдуу өлчөмү нак акчага айландырылып жаткан чет өлкө валютасынын суммасынан **0.4%**, ал эми **максималдуу өлчөмү 5%ды** түзөрүн айтат. 

> “Мында банк мыйзамдарында банктар тарабынан керектөөчүлөр үчүн маалыматтардын ачык-айкындулуугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен, өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн **комиссиялык сый акылардын** жана **тарифтердин өлчөмүн өз алдынча** белгилөө каралган”, – дейт Улуттук банк.

Ошондой эле өлкөнүн башкы банкы **нак чет өлкө валютасынын жетишсиздиги** шартында коммерциялык банктар тарабынан, өз ишинде тобокелдиктерди төмөндөтүү жана кардарлар алдындагы милдеттенмелерин аткаруу максатында, АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу жагында иштер жүргүзүлүп жатканын жана алып-сатарлык операцияларынын көбөйүп жаткандыгын эске алып, нак **АКШ долларын берүү/алмаштыруу суммасы боюнча чектөөлөр киргизилип жана/же кошумча комиссиялар белгиленип** жатканын кошумчалады.