> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Карыз бар үчүн өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганын кантип текшерсе болот? Жогорку Соттон жооп
- URL: https://im.kg/all/2022/07/28/karyz-bar-ch-n-lk-d-n-chyguuga-chekt-kojulganyn-kantip-teksherse-bolot-zhogorku-sotton-zhoop/
- Published: 2022-07-28T16:53:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:27:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чек арадан өтүп жатканда жаран мамлекеттик мекемелерге кандайдыр бир карызкор экенин билип, күтүлбөгөн жагдайларга туш болбоо үчүн карызын КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин[ расмий сайтынан ](http://suddep.sot.kg/)текшерүүгө болорун аталган мекеме билдирди.**

Сот департаментинин расмий сайтындагы **“Карыз абалын текшерүү»** рубрикасы аркылуу, ар бир жаран **өзүнүн идентификациялык коду менен** карызкор катары ал боюнча аткаруу өндүрүшүнүн бар экендигин текшере алат.

Карыз абалын текшерүү — бул аткаруу өндүрүшү боюнча маалыматты сактаган жана системалаштырган Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн бирдиктүү маалыматтык базасы болуп саналат.

> Карыз абалын текшерүү сервиси КРнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы “Түндүк” менен интеграцияланган жана карыздардын бар экендиги жөнүндө кененирээк маалыматты [порталдан](http://www.portal.tunduk.kg/) жеке кабинетке кирүү аркылуу алса болот.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө карыз абалын текшерүү **“Мбанк” мобилдик тиркемеси** аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы карызы бар жарандарды КРдан чыгуусуна убактылуу [тыюу салган ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/30/salyk-organdary-salyktyk-karyzy-barlardy-sotko-bere-bashtady-zhana-k-p-araketterine-tyjuu-salat/)чара иштеп чыккан. 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/skrin-sajta.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/skrin-sajta.png)