> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 29 июль – 7-август күндөрү Кусеин Көлбаев туннели убактылуу жабылып турат - Транспорт министрлиги эскертет
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/29-ijul-7-avgust-k-nd-r-kusein-k-lbaev-tunneli-ubaktyluu-zhabylyp-turat-transport-ministrligi-eskertet/
- Published: 2022-07-29T09:29:06.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:42:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 29 июль – 7-август күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, Кусеин Көлбаев атындагы туннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилерин Транспорт министрлиги кайрадан эскертет.**

> “29 июль – 7 август күндөрү саат 4:00 дөн 6:00 гө чейин, саат 08:00дөн 10:00 гө чейин жана 12:00дөн 14:00гө чейин жабылат. Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз”, – деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери ушул мезгилде жүргүзүлөт.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/tunnel.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/07/tunnel.jpg)