> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бала-Саруу» жана «Камбар-Ата-1» ГЭСтеринин курулуштарына мамлекет 3.5 млрд сомдон ашык каражат бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/bala-saruu-gesinin-kurulushuna-zhana-kambar-ata-1-gesin-kuruuga-dayardyk-k-r-ch-n-mamleket-3-5-mlrd-somdon-ashyk-karazhat-b-l-t/
- Published: 2022-07-29T09:54:28.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:41:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күнү КРнын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жардам бере турган долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын айрымдары бүткөн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Министрликтен билдиришкендей, кубаттуулугу 25 МВт болгон **“Бала-Саруу” кичи ГЭСинин** курулушу жүрүп жатат жана жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу кубаттуулукка ээ. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Чакан ГЭС» ААКга **2 млрд сом** өлчөмүндө бюджеттик кредит берилет.

> Ошондой эле **“Камбар-Ата ГЭС-1ди”** тургузууда керектүү объектилерди куруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Аталган курулушка **1 млрд 550 млн сом** өлчөмүндө бюджеттик кредит каралып, тиешелүү иштер башталганын ведомстводон билдиришти.

Министрлик ошондой эле Баткен облусунда узундугу 51 км болгон 110-ВЛ “Раззаков-Арка” аба чубалгысынын жана 110/35/10 кВ “Раззаков” көмөк чордонунун курулушу аяктаганын белгиледи. Бул аймакка коңшу өлкөлөрдөн толугу менен энергетикалык көз карандысыз болууга мүмкүндүк берет. Нарын облусунда 110/10 кВ “Муз-Төр” көмөкчордонунун курулушу аяктаган. Мунун аркасында “Муз-Төр” чек ара заставасы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болгон.