«Бала-Саруу» жана «Камбар-Ата-1» ГЭСтеринин курулуштарына мамлекет 3.5 млрд сомдон ашык каражат бөлөт

Бүгүнкү күнү КРнын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жардам бере турган долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын айрымдары бүткөн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, кубаттуулугу 25 МВт болгон “Бала-Саруу” кичи ГЭСинин курулушу жүрүп жатат жана жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу кубаттуулукка ээ. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Чакан ГЭС» ААКга 2 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик кредит берилет.

Ошондой эле “Камбар-Ата ГЭС-1ди” тургузууда керектүү объектилерди куруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Аталган курулушка 1 млрд 550 млн сом өлчөмүндө бюджеттик кредит каралып, тиешелүү иштер башталганын ведомстводон билдиришти.

Министрлик ошондой эле Баткен облусунда узундугу 51 км болгон 110-ВЛ “Раззаков-Арка” аба чубалгысынын жана 110/35/10 кВ “Раззаков” көмөк чордонунун курулушу аяктаганын белгиледи. Бул аймакка коңшу өлкөлөрдөн толугу менен энергетикалык көз карандысыз болууга мүмкүндүк берет. Нарын облусунда 110/10 кВ “Муз-Төр” көмөкчордонунун курулушу аяктаган. Мунун аркасында “Муз-Төр” чек ара заставасы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болгон.