> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэри «Тазалыктын» директорун иштен айдады - эми шаар таза болот деп убада берди
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/bishkek-meri-tazalyktyn-direktorun-ishten-ajdady-emi-shaar-taza-bolot-dep-ubada-berdi/
- Published: 2022-07-29T18:02:19.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:25:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Шаардыктардан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишине байланыштуу көптөгөн арыз жана даттануулардан улам борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан кетирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.** 

Ошондой эле катуу таштандыларды өз убагында чыгаруу маселеси боюнча шаардыктар тарабынан канааттандырарлык эмес иш жүргүзгөндүгү үчүн «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары да кызматынан бошотулган.

> Ишкананын жаңы директору болуп **Нурлан Касымов**, орун басары болуп **Марат Алдашкуров** дайындалды.  

Шаардагы таштандылардан тез-тез арылуу үчүн муниципалитет тарабынан жеке компанияга тиешелүү **16** атайын унаа тартылган.

Ошондой эле мэрия катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн Биринчи Май жана Свердлов райондорун **аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү** каралып жатканын билдирди.

> “Урматтуу жарандар! Кечке чейин бардык таштандылар чыгарылып, санитардык полигонго ташылат. Ошондой эле жашоочуларга катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны убагында төлөө зарылдыгын эскертебиз”, – дейт Бишкек мэриясы.