> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ жыл башынан бери сырттан 65.6 млн сомдук материалдык-техникалык жардам алды
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/iim-zhyl-bashynan-beri-syrttan-65-6-mln-somduk-materialdyk-tehnikalyk-zhardam-algan/
- Published: 2022-07-29T15:30:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жарым жылда ИИМ эл аралык донорлордон 65 млн 68 миң сомго бааланган материалдык-техникалык жардамдарды алды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Адыл Бийбосунов ИИМдин 2022-жылдын 6 ай ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасында билдирди.** 

Бийбосунов эл аралык кызматташтык жана ченемдик укуктук актылар боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытында 152 эл аралык иш-чаралар уюштурулганын, 11 эл аралык келишимдер түзүлүп, анын 3 тиешелүү иретте кабыл алынганын жана дагы 8 долбоор даярдалганын билдирди. 

> “Жыл башынан тартып эл аралык кызматташтыкты уюштурууга жетишип, жыйынтыгында, **65 млн 68 миң сомго бааланган** материалдык-техникалык жардамдар алынган. 

> Жалпы 2022-жылдын 6 ай аралыгында ИИМдин бөлүктөрү тарабынан ченемдик укуктук актылардын 51 долбоорлору боюнча иш алып барылды, алардын ичинен 10 мыйзам долбоорлору жана 41 мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү”, – деди ал.