> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРга ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу Казакстан көмүрүн автоунаа менен экспорттоого тыюу салат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/krga-tashylyp-zhatkan-k-m-rd-n-k-l-m-k-b-jg-n-n-bajlanyshtuu-kazakstan-k-m-r-n-avtounaa-menen-eksporttoogo-tyjuu-salat/
- Published: 2022-07-29T12:34:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстан көмүрдү автотранспорт менен экспорттоого тыюу салууну пландап жатат. Тиешелүү буйрук Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин Өнөр жайды өнүктүрүү комитети тарабынан даярдалганын казакстандык ЖМКлар билдиришти.**

> Казакстан 1-августтан баштап алты айлык мөөнөткө көмүрдү экспорттоого тыюу салууну көздөөдө. Анын себебин **муниципалдык кызматтарды жана калкты көмүр менен камсыздоо зарылчылыгы** деп түшүндүрүшүүдө.

Комитеттин негиздемесинде ички рынокко багытталган көмүр экспорттолот деп жазылган.

> “Талдоо көрсөткөндөй, коңшу мамлекеттерге, тагыраак айтканда, **Кыргызстанга – 19%га**, Өзбекстанга – 30%га көмүр экспорту өсүп кеткен. 2021-жылы **КРга казак көмүрүнүн экспорту 1 млн 143 миң** тоннаны түзсө, анын 1 млн 20 миң тоннасы темир жол транспорту аркылуу экспорттолгон”, – деп айтылат маалыматта.

---

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бийлиги да буга чейин көмүрдү ташып чыгууга тыюу салып, темир жол аркылуу гана ташууну сунуштаган. КРда бул чечим **контрабанданы кыскартуу,** ошондой эле экспорттук операциялардын ишенимдүү эсебин жүргүзүү зарылчылыгы менен түшүндүрүлгөн.

Ошондой эле Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкек ЖЭБине жергиликтүү гана көмүр ташылып, “Каракечеге” артыкчылык берерин да айткан эле.