> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ишканалар 7.5 млрд сом таза киреше алышты, бирок бюджетке учурда 1.9 млрд сом түштү
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/mamlekettik-ishkanalar-7-5-mlrd-som-taza-kireshe-alyshty-birok-bjudzhetke-b-g-nk-k-nd-1-9-mlrd-som-ele-t-sht/
- Published: 2022-07-29T13:23:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:52:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ишканалардын (акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын) жалпы таза кирешеси биринчи жарым жылдыкта 7.5 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу маалымат кечээ, 28-июлда Мамлекеттик мүлк фондунун коллегиясында айтылганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Алты айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор – **6.5 млрд сомго** жакын, ал эми мамлекеттик ишканалар – **1 млрд сомдон ашык** таза киреше алышкан.

> «Мамлекеттик мүлктү башкаруудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү суммасы **1 млрд 869 млн сомду** түздү», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, өткөн жылдын аягында мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жалпы таза кирешеси – **11 млрд сомдон** ашык, ал эми мамлекеттик ишканалардыкы – **2 млрд сомдон ашкан** болчу.

Ошондой эле бүгүн, 29-июлда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси **Мирлан Бакиров** Айыл чарба министрлигине караштуу жыйырма бештей МИ чыгашалуу абалда экенин, буга байланыштуу айыл чарба тармагындагы чакан ишканаларды ирилештирүү программасы түзүлгөнүн, чыгашалуу ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү боюнча варианттар каралып жатканын билдирип, ага катар бир канча кирешелүү МИлердин атын атады. 

> “Кирешелүү компаниялардын катарына «Кыргызалтын» ААК, «Альфа Телеком» ЖАК, «РСК Банк» ААК, «АйылБанк» ААК, «Кыргызнефтегаз» ААК жана башкалар кирди», – деди Бакиров.