> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик мүлк фонду «Кыргызалтындын» 1% акциясын Финансы министрлигине берди
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/mamlekettik-m-lk-fondu-kyrgyzaltyndyn-1-akciyasyn-finansy-ministrligine-berdi/
- Published: 2022-07-29T17:37:45.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызалтын» ААКтын жалгыз акционери болуп келген Мамлекеттик мүлк фонду компаниянын 1% акциясын Финансы министрлигине өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

> КФБнын маалыматына таянсак, Финансы министрлигине жалпы номиналдык баасы **9 млн 641.2 миң сомдук** (бир акциянын номиналдык баасы 100 сом) 96 412 даана жөнөкөй акция берилген.

Мындай “берүү” министрлер кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы буйругунун негизинде ишке ашкан.

Мамлекеттик мүлк фондунун “Кыргызалтындагы” үлүшү учурда 99%ды (жалпы номиналдык баасы **954 млн 482.7 миң сомду** түзгөн 9 544 827 жөнөкөй акциядан турат) түзөт.