> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми каалоочулар электр энергиясын чектөөсүз колдонсо болот. Жаңы тариф - 5 сом 4 тыйын
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/minkab-elektr-energiyasyna-chekt-s-z-tarifti-bekitti-5-som-4-tyjyn/
- Published: 2022-07-29T15:50:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:16:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин жыйынынын жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн 2022-жылга электр жана жылуулук энергиясына колдонуудагы тарифтерди сактап калуу чечими кабыл алынды.**

> Аны менен катар электр энергиясын **чектөөсүз (лимитсиз)** пайдаланууну каалагандар үчүн электр энергиясына жаңы тариф – **5 сом 4 тыйын** өлчөмүндө бекитилди.

Жаңы тариф **келишимдин негизинде ыктыярдуу түрдө** колдонулуп, электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектебестен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эскерте кетсек, буга чейин Энергетика министрлиги учурдагы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркын актабай тургандыгын айтып келген. Учурда [энергетика тармагындагы таңкыстык](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/27/elektr-energiyasynyn-tarifteri-kerekt-ch-l-rg-karap-kojulgan-energetika-tarmagyndagy-ta-kystyk-15-mlrd-som/) **15.2 млрд сомду** түзөт.