> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Орок айыл аймагындагы 20 га аянтка стадион түшөт - «Бишкек Сити» да ушул айылда курулат
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/orok-ajyl-ajmagyndagy-20-ga-ayantka-stadion-t-sh-t-bishkek-siti-da-ushul-ajylda-kurulat/
- Published: 2022-07-29T12:50:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:10:14.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орок айыл аймагындагы 20,78 га аянттагы жер тилкесинде стадион курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.** 

> “Сокулук районунун Орок айыл аймагында 20.78 га аянттагы жер тилкеси дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана энергетиканын жерлери категориясына которулду”, – деп айтылат билдирүүдө. 

Мындай чечим минкабдын кезектеги жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында «Бишкек шаарынын» курулушу жөнүндө айтып берип, ал комплекс «Орок» айылынын 150 гектар аймагында куруларын [билдирген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/05/orok-ajylynyn-ajmagynda-bishkek-siti-kurulat/) болчу.