> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Реабилитациялык борборлордо балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга бюджеттен кошумча 11.7 млн сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/07/29/reabilitaciyalyk-borborlordo-baldardyn-tamaktanuu-sapatyn-zhakshyrtuuga-bjudzhetten-koshumcha-11-7-mln-som-b-l-n-t/
- Published: 2022-07-29T16:04:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**5 реабилитациялык борбордо балдардын жана өспүрүмдөрдүн тамак-ашына каралган чыгымдардын акчалай ченемдери 100%га жогорулатылат. Тиешелүү чечим минкабдын кезектеги жыйынында кабыл алынды.**

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков белгилегендей, бул чечим айрым саламаттык сактоо уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана психоневрологиялык оорулары бар балдардын тамактануу сапатын жана рационун жакшыртууга багытталган.

> “5 реабилитациялык борбордо балдардын тамак-ашына кеткен чыгымдын ченемдерин жогорулатууга республикалык бюджеттен кошумча 11 млн 781 миң сом бөлүнөт”, – деп айтылат минкабдын берген маалыматында.

Учурда Чүй облустук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоочу **«Максат»** борборунда, Жалал-Абад облустар аралык **«Бакыт»** реабилитациялык борборунда, **Базар-Коргон** райондор аралык реабилитациялык борборунда, **«Родничок»** балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборунда, **Ош шаарындагы** кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда акчалай тамак-аш нормалары 110 сомду түзөт.