> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү 10 компаниянын катарына кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/alyans-altyn-kyrgyzstandagy-e-mykty-salyk-t-l-ch-10-kompaniyanyn-kataryna-kirdi/
- Published: 2022-08-01T15:00:35.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:33:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Альянс Алтын» компаниясы 500 компаниянын ичинен Кыргызстандагы алдыңкы он салык төлөөчү** **компаниялардын катарына кирип, Салык кызматынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти**

«Альянс Алтын» ишканасы ишмердүүлүгүн баштагандан бери ушул жылдын 30-июнуна чейин мамлекеттик бюджетке **13 млрд 200 млн сом** төлөп, анын ичинен 5 млрд 964 млн сому конкурстук төлөмдү түздү.

Республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана социалдык төлөмдөр боюнча **7 млрд 236 млн сом** которгон, анын ичинде алтынды сатуудан түшкөн каражаттан 4 млрд 671 млн сом төлөнгөн.

“Альянс Алтын” жергиликтүү бюджетке инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн 448 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

- Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — **224 млн сом**
- Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — **135 млн сом**
- Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – **89 млн сом** бөлүнгөн.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/alyans-altyn1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/alyans-altyn1.jpg)