> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы КРнын аймагына жеңил унааларды ташып келүүнү талкуулады - бирок конкреттүү эч бир көйгөй айтылбады, чечилбеди
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/bazhy-kyzmaty-krnyn-ajmagyna-zhe-il-unaalardy-tashyp-kel-n-talkuulady-birok-konkrett-ech-bir-k-jg-j-ajtylbady-chechilbedi/
- Published: 2022-08-01T18:03:28.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:57:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 1-августта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен үчүнчү өлкөлөрдөн КРнын аймагына жеңил автотранспорт каражаттарын ташып келүүчү тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын жолугушуусу болуп өткөнүн мекеменин маалымат кызматы б[илдирди](http://www.customs.kg/news/get?id=524).**

Жыйында КРнын бажы аймагына жеңил автотранспорт каражаттарын алып кирүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланганын Бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

> “Бажы кызматы товарларды бажы жол-жоболоруна коюуда операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө, анын ичинде товарлардын берилген бажы наркын контролдоо бөлүгүндө маалымат берди.

> Жолугушуунун жыйынтыгында Исабеков мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп туруу, келип чыккан маселелерди талкуулоо жана чечүү тапшырмасын берди”, – деп айтылат маалыматта.

Берилген маалыматка таянсак, чогулушта эч кандай деле конкреттүү маселе көтөрүлбөгөн, сунуштар берилбеген.