> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кечеден көмүр ташуу башталды - тоннасы - 1450 сом
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/kara-kecheden-k-m-r-tashuu-bashtaldy-tonnasy-1450-som/
- Published: 2022-08-01T16:39:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кара-Кечеде бүгүнтөн баштап көмүр жүктөө башталды. Ал калкка жана ЖЭБге ташылып баштады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынан билдиришти.** 

Мамлекеттик ишкананын берген маалыматына таянсак, кендин өзүндө **көмүрдүн баасы – тоннасына 1450 сомду** түзөт. 

> “Чүй облусунда көмүр сатуучу он базаны ачуу пландалууда, анын ичинде Токмок, Сокулук жана Бишкек шаарларында эки база, Кара-Балта шаарында бирден, Аламүдүн базарында үч база бар. Ишкана буга чейин калкты эртелеп көмүр сатып алууга чакырат”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул жылы[ **1.5 млн тонна** ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/12/bul-zhyly-1-5-mln-tonna-k-m-r-kazyp-aluu-plandaluuda/)көмүр казып алуу пландалып жатат жана Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» [артыкчылык](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/05/17/kyrgyzstan-byjyl-k-m-rd-importtoogo-ketken-32-mln-dollardy-n-md-p-kara-kechege-artykchylyk-beret/) берет.

2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казылып алынган.