> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү индексинде 18-орунду ээледи
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/kyrgyzstan-mamlekettik-satyp-aluular-bojuncha-maalymattardyn-zhetkilikt-l-g-indeksinde-18-orundu-eeledi/
- Published: 2022-08-01T09:36:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:13:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Open Contracting Partnership менен биргеликте The Global Data Barometer уюмунун талдоочулары түзгөн Мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү индексинде Кыргызстан 18-орунду ээледи.**

Аталган уюм 109 өлкөдө сатып алуулар боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүнүн глобалдык индексин баалайт. Эксперттер **2019-жылдын май айынан 2021-жылдын май айына** чейинки абалды талдап чыгышкан.

> Орточо глобалдык индекс 47 балл болсо, Кыргызстан 73 баллга ээ болуп, АКШ менен Литванын ортосунда орун алган.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтардын жеткиликтүүлүгү КРда жакшы – бул параметр боюнча өлкө **83 упайга** ээ болгон. Ал эми “Сатып алуулар боюнча талдоо” параметринде болсо Кыргызстандын упайы бир топ төмөн болуп, ал **28** гана баллды түзгөн.

Мамлекеттик сатып алуулар маселесинде маалыматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча **алдыңкы 5 өлкөгө** – Украина, Парагвай, Казакстан, Косово жана Колумбия кирет.