> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Монополияга каршы кызмат накталай эмес төлөм жүргүзүүдө эмнеге көңүл буруу керектигин эскертти
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/monopoliyaga-karshy-kyzmat-naktalaj-emes-t-l-m-zh-rg-z-d-emnege-k-l-buruu-kerektigin-eskertti/
- Published: 2022-08-01T10:59:19.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:45:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу кызматы кыргызстандыктарга накталай эмес формада төлөм жүргүзүүдө эмнеге көңүл буруу керектигин эскертти.**

Сатуучу керектөөчүгө товар жөнүндө керектүү жана ишенимдүү маалыматты өз убагында берүүгө, аларды туура тандоо мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле **товарды сатып алуу шарттарын камсыз кылууга милдеттүү** экени белгиленген. Мында **баа**, комиссия жана тарифтер **улуттук валютада** көрсөтүлүүгө тийиш.

> Ошондой эле 2023-жылдын 1-январына чейин **накталай эмес формада төлөнгөн товарларды сатуудан салыктын ставкасы 0% өлчөмүндө** белгиленген.

Ошентип, **накталай эмес формада төлөм жүргүзүүдө товардын баасы көрсөтүлгөн баага салыштырмалуу 1%га төмөндөйт**. Бул маалымат керектөөчүгө өз убагында жеткирилиши керек.