> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пайдалуу кендерди казууга салынган инвестициянын көлөмү азайып барат - ЕРӨБ
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/pajdaluu-kenderdi-kazuuga-salyngan-investiciyanyn-k-l-m-azajyp-barat-er-b/
- Published: 2022-08-01T16:32:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында КРгы инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү пайдалуу кендерди казуу боюнча инвестициялардын үлүшү 24.7%дан 20.6%га чейин кыскарган. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) экономисттери даярдаган макроэкономикалык баяндамада айтылат.**

Серепчилердин айтымында, инвестициянын көлөмү өткөн жылдын деңгээлинде калууда. Капиталдык салымдардын көлөмү 2021-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн эмес жана анын өсүшү 0.7%ды түзгөн.

> Ошол эле учурда тоо-кен тармагына болгон инвестициялар азайып, натыйжада, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында пайдалуу кендерди казып алууга капиталдык салымдардын үлүшү 20.6%га чейин төмөндөдү – бир жыл мурда бул көрсөткүч 24.7%ды түзгөн.

Ошондой эле, дүң жана чекене соода объектилерине инвестициялардын кыскарышы катталган. Ал эми, тескерисинче, кайра иштетүү өнөр жайына, энергетика тармагына жана транспорт тармагына инвестициялардын өсүшү байкалган.