> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайынын лицензиясынын аракетин токтотту
- URL: https://im.kg/all/2022/08/01/uluttuk-bank-eki-akcha-almashtyruu-zhajynyn-licenziyasynyn-araketin-toktottu/
- Published: 2022-08-01T09:45:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор эки алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттерин токтотконун улантканын кабарлады.** 

**Алар:**

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 119-үй, 11-бөлмө дареги боюнча жайгашкан **«Брент моней»** алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 29-июлундагы № 5999 лицензиясы
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144-үй дареги боюнча жайгашкан **«Усман Финанс»** алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 6194 лицензиясы.