> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге азайтылды - бирок январдан баштап көтөрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/alkogolsuz-suusunduktarga-akcizdin-stavkasy-on-esege-azajtyldy-birok-yanvardan-bashtap-k-t-r-l-t/
- Published: 2022-08-02T16:47:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:49:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому менен алкоголсуз суусундуктарга акциздин ставкасы он эсеге – бир литр үчүн 10 сомдон 1 сомго чейин азайтылды. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана КРнын аймагына импорттоого акциз салыгы салынууга тийиш.

> ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктардын өндүрүлгөн же импорттолгон көлөмү үчүн акциз салыгы боюнча отчет берүү жана аны төлөө зарылдыгын Салык кызматы эскертет.

- Кошумча маалыматты Салык кызматынын [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алууга болот.

---

Эскерте кетсек, Экономика министрлиги 1-июлдан тарта күчүнө кирген энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын көтөрүүнү алып салуу демилгесин көтөрүп, 12-июлда тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлган.

Анда министрлик 2022-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки мезгилде энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциздик салыктын ставкасын литрине 10 сомдон 1 сомго чейин төмөндөтүүнү [сунуштаган.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/13/energetikalyk-alkogolsuz-suusunduktarga-akciz-salygy-litrine-10-somdon-ashpajt/)

Акциз салыгынын ставкасын көтөрбөө сунушу демилгечилердин айтымында, **бизнести колдоо**, жогоруда аталган **товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу** жана алардын **калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу**, алардын **баасынын кескин өсүшүнө** жана **ишкердик субъекттердин көмүскө жүгүртүүгө чыгып кетүүсүнө жол бербөө** максатында сунушталууда.

> Бирок 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы мурда сунушталгандай **20 сом/литр**, 2024-жылдын 1-январынан тарта **30 сом/литр** болмокчу.

КРнын “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, атайын багыттагы – сергитүүчү, анын ичинде **организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин** жана (же) башка **сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар** болуп саналат.