> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коррупция: Оштогу мэрияга тиешелүү 200 субъект иш алып барган алтын базар эки жылдан бери ижара акысын төлөбөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/korrupciya-oshtogu-meriyaga-tieshel-200-subekt-ish-alyp-bargan-altyn-bazar-eki-zhyldan-beri-izhara-akysyn-t-l-b-jt/
- Published: 2022-08-02T14:41:52.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:33:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаарынын базар көчөсүндө (Шейит-Дөбө) жайгашкан мэриянын балансындагы алтын базар эки жылдан бери жергиликтүү казынага эч кандай ижара акысын төлөбөй келет.** **Бул тууралуу жергиликтүү [T-media](https://t-media.kg/2022/08/02/oshtogu-altyn-bazar-emnege-izhara-aky-t-l-b-j-kelgen/?fbclid=IwAR369kRGb92ykBGDfoJrGwdRQe2td5x8fdCqjeFqRQ4O3z1GBSQVeKYpsZQ) порталы жазды.**

Жалпы аянты 27 сотых болгон жайда **200гө жакын субъект** иш алып барат. Алар базардын ээсимин деген жаранга айына 800 сомдон 1500 сомго чейин акча төлөп турушкан.

> Аталган медианын берген маалыматына ылайык, атайын тариф боюнча кичи базар ай сайын болжол менен **292 032 миң сом** ижара акы төлөшү керек болгон. Бирок мекеме менен келишим түзүлгөндө ижара акысы **дээрлик эки эсе азайтылып, 111 608 миң сом** деп көрсөтүлгөн. Бирок бул сумма да эки жыл бою төлөнгөн эмес.

Эгерде тарифте көрсөтүлгөн суммада ижара акысы төлөнүп турган болсо жергиликтүү бюджетке болжолдуу **7 млн сомдон ашуун** киреше түшмөк.