> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын күйүүчү майга болгон керектөөсүнүн 5%ын гана жаба алган «Кыргызнефтегаз» жарым жылда 1.8 млрд сом киреше алды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/krnyn-k-j-ch-majga-bolgon-kerekt-s-n-n-5-yn-gana-zhaba-algan-kyrgyzneftegaz-zharym-zhylda-1-8-mlrd-som-kireshe-aldy/
- Published: 2022-08-02T17:14:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл 6 айда [“Кыргызнефтегаз” ](https://kng.kg/kg/about-us/)ААКтын таза кирешеси 1 млрд 891 млн сомду түздү, бул былтыркы ушул айларга салыштырмалуу 2 эсеге көп. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Нургазы Нишанов профсоюз менен жолугушуу учурунда билдирди.**

> Анын айтымында, ишкананын өндүрүштүк-финансылык көрсөткүчтөрү бир кыйла өскөн. Ал билдиргендей, 6 айдын ичинде чийки нефтини казып алуу планы 74 миң 826 тонна болсо, иш жүзүндө **84 миң 948 тонна** алынып, жарым жылдык план 113%га аткарылган. 

---

Эскерте кетсек, «Кыргызнефтегаз» МИ өткөн жылы алган **2 млрд сом** таза кирешесинин [10%ын гана](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/29/kyrgyzneftegaz-mi-tk-n-zhyly-algan-2-mlrd-som-taza-kireshesinin-10-yn-gana-mamleketke-t-l-g-n/) мамлекетке төлөгөн. Бул тууралуу Нишанов ушул жылдын март айындагы Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=plU82qNlp2I) билдирген болчу. 

Жыйында депутат Исхак Масалиев «Кыргызнефтегаз» МИнин алган таза кирешеси **2 млрд сом** болсо, анын канчасы мамлекетке төлөнөөрү тууралуу сураган.

> «Былтыркы жылдын эсебинен мамлекетке **213 млн сом** дивиденд катары бергенбиз. Быйыл 2021-жылдын эсебинен 30% бересиңер деп жатышат, бул жылы 600 млн сомдон ашыгыраак беребиз», – деген Нишанов.

Эл өкүлү бул жөн гана мамлекетке пайдасы тийбеген, жумушчуларын гана баккан ишкана экендигин белгилеп, «Кыргызнефтегаз» жылына өндүргөн 173 миң тонна мунайдан канча бензин алынаары жана ал **өлкөдөгү күйүүчү май рыногуна канчалык таасир эте алаары** тууралуу сураган.

> «Андан 15 миң 821 тонна бензин алынат. Бул болгону **Кыргызстандын керектөөсүнүн 5-6%ын гана** (дизель майы менен кошулуп) **камсыздайт**. Күйүүчү май рыногуна таасир эте албайбыз», – деген Нишанов ишканада 2 миңден ашык жумушчу бар экенин айткан.

Белгилей кетсек, Нефтетрейдерлер ассоциациясы берген [маалыматка](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/25/k-j-ch-majdyn-baasy-2022-zhyldyn-ortosuna-chejin-kymbattajt-neftetrejderler-associaciyasy/) ылайык, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү **1.4 млн тоннаны** түзөт.