> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МСК дээрлик 86 млрд сом салык чогултту - жылдык планды бекитүүгө дагы 70 млрд калды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/msk-deerlik-86-mlrd-som-salyk-chogulttu-zhyldyk-plandy-bekit-g-dagy-70-mlrd-kaldy/
- Published: 2022-08-02T12:05:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы (МСК) мамлекеттик бюджетке 85.9 млрд сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Белгиленген план **1 млрд 349.4 млн** сомго ашыгы менен чогултулган (101.6%га аткарылды). 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар **30 млрд 442.1 млн** сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154.8%).

Белгилей кетсек, быйыл МСКнын алдына **155.6 млрд сом** салык жана **41.7 млрд сом** камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.