> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында Өзбекстандын импортерлору катышкан  бизнес-форум өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/osh-shaarynda-zbekstandyn-importerloru-katyshkan-biznes-forum-t-t/
- Published: 2022-08-02T12:17:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**5-августта Ош шаарында бизнес-форум өтөт. Ага Өзбекстандын импортерлору жана атамекендик экспортерлор катышат. Аталган иш-чара «Ишкер» бизнес-клубунун техникалык колдоосунда уюштурулуп жатат.**

Форумда фермерлер айыл чарба продукциялары жөнүндө презентация жасашат жана алардын көргөзмөсү да болот. Бул платформа коңшу өлкөнүн рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоо жөндөмдүүлүгүн ачып берет деп күтүлүүдө. 

Уюштурулуп жаткан иш-чаранын максаты – айыл чарба продукциясын экспорттоо чөйрөсүндөгү соода-базар мамилелерин кеңейтүү болуп саналат.