> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Кыргызстандын Япониядагы жана Түркмөнстандагы элчилерин кызматынан бошотту
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/prezident-kyrgyzstandyn-yaponiyadagy-zhana-t-rkm-nstandagy-elchilerin-kyzmatynan-boshottu/
- Published: 2022-08-02T11:48:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:17:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Япониядагы жана Түркмөнстандагы элчилер кызматынан бошотулду.** **Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

**Мирлан Арстанбаев** КРнын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен КРнын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. 

Ушул эле күндөгү президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, **Талант Султанов** КРнын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан алынды.