> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саламаттыкты сактоо министрлиги iLab жана «Иммунизация» деген эки маалыматтык системаны ишке киргизет
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/salamattykty-saktoo-ministrligi-zhyldyn-ayagyna-chejin-ilab-zhana-immunizaciya-degen-eki-maalymattyk-sistemany-ishke-kirgizet/
- Published: 2022-08-02T09:30:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:21:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматтарды аралыктан кабыл алууга мүмкүндүк берген эки маалыматтык системаны ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.**

Анын айтымында, системалардын бири **iLab** деп аталып, ал жарандарга диагностикалык жана клиникалык изилдөөлөргө жөнөтүлгөн бардык лабораториялардагы **тесттин жыйынтыгын аралыктан алууга мүмкүндүк берет**. Февраль айынан бери жаңы системага 133 миңден ашык ар кандай лабораториялык изилдөөлөр киргизилген.

Ошондой эле жылдын аягына чейин **“Иммунизация”** системасын ишке киргизүү пландалууда. Ал чек арадан киргенден тартып, эмдөө пунктуна чейинки **вакциналардын кыймылын көзөмөлдөөгө** мүмкүндүк берет.

> «Система ар бир кампадагы вакциналардын бар-жогуна, келип жаткан вакциналар үчүн бош орундун болушуна көз салууга, ошондой эле кийинки сатып алууларды жана жеткирүүлөрдү пландаштырууга мүмкүндүк берет», – деди Касымбеков.

Эске салсак, буга чейин министрлик коронавируска каршы вакцинанын 267.5 миң дозасын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жокко чыгарган.