«Шоро» Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна кирди - Дубайда сатыла баштады

«Шоро» Компаниясы БАЭде бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун сапаты боюнча сертификатына ээ болду. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган сертификат бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун жаңы техникалык стандарттарына жооп берген дүйнөлүк компанияларга берилет.

“Эми Legend таза булак суусун БАЭнин дүкөндөрүнөн таба аласыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр менен сыймыктанып, ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликке ишенебиз! Колубуздан келет!” – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, «Шоро» компаниясы буга чейин продукцияларын Перс булуңундагы өлкөлөргө экспортко чыгарып келген.