> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамекинин баасы ар жарым жылда туруктуу көтөрүлүп турат - минкаб токтом долбоорун иштеп чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/08/02/tamekinin-baasy-ar-zharym-zhylda-turuktuu-k-t-r-l-p-turat-minkab-toktom-dolboorun-ishtep-chykty/
- Published: 2022-08-02T10:30:15.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:35:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын бийлиги жакынкы 5 жылда жөнөкөй жана электрондук тамекилердин минималдуу чекене баасын туруктуу көтөрүүнү пландоодо. Андыктан минкаб “Тамеки жана никотин курамдуу заттардын минималдуу чекене бааларын белгилөө тууралуу” токтомунун долбоорун коомдук талкууга [чыгарды](https://www.gov.kg/ky/npa/s/3988).**

Бийлик бул токтомдун максаты жана милдети **республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү**, тамеки жана никотин камтыган продукцияны **керектөөнү кыскартуу**, калктын саламаттыгын чыңдоо болуп саналат деп түшүндүрдү.

Минкаб чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааны этап менен **ар бир жарым жылда 5 сомго жогорулатууну** сунуш кылынууда.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/tameki.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/08/tameki.jpg)

Ал эми бир корпуста никотин суюктугу менен бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү тутумдарына минималдуу чекене бааларды **ар бир жарым жылда 50 сомго көбөйтүүнү** карашууда.

> “Бүгүнкү күндө бир жолку колдонулуучу никотинди жеткирүүчү электрондук системанын наркы орточо 250-300 сомду түзөт.

> Ушуга байланыштуу бир жолку колдонулуучу никотинди жеткирүүчү электрондук системанын минималдык чекене баасынын өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып бир курулмага 300 сом андан ары **жыл сайын 100 сомго жогорулатуу** менен минималдык чекене бааны **700 сомго жеткирүү** сунуш кылынууда”, – деп айтылат негиздемеде.

Ошондой эле минкаб минималдуу чекене баалардын сунушталып жаткан деңгээли жана анын 5 жылдын ичинде өсүү динамикасы калктын кирешесинин өсүү деңгээли менен өз ара байланышы боюнча эң оптималдуу болуп саналат жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин пландаштырууну жана жакынкы 5 жылга ишкерлер үчүн пландаштыруунун туруктуулугун камсыз кылат, ошондой эле тамеки рыногундагы иш жүзүндөгү баа конъюнктурасына ылайык келет деп билдирди.