> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкекжылуулук тармагы» 5 миллиондон ашык акциясын жокко чыгарат
- URL: https://im.kg/all/2022/08/03/bishkekzhyluuluk-tarmagy-5-milliondon-ashyk-akciyasyn-zhokko-chygarat/
- Published: 2022-08-03T12:17:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бишкекжылуулук тармагы» ААК сатып алынган 5 миллиондон ашык акциясын жокко чыгарды. Мындай чечим 26-июлда акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынан (КФБ) билдиришти.**

Жүгүртүлүүчү акциялардын санын кыскартуу үчүн 5 150 738 акция жокко чыгарылат.

> Акционерлер ошондой эле«Бишкекжылуулук тармагынын» **уставдык капиталын** дээрлик **2 млн сомго** кыскартууну чечишкенин КФБдан билдиришти. 

Мындан тышкары, чогулуштун жыйынтыгы боюнча компаниянын директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгон Максат Жумабаев, Равшанбек Касымов, Акылбек Исаков жана Аскат Абылаевдердин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.