> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бир жуманын ичинде беш жаңы акционердик коом пайда болду
- URL: https://im.kg/all/2022/08/03/kyrgyzstanda-bir-zhumanyn-ichinde-besh-zha-y-akcionerdik-koom-pajda-boldu/
- Published: 2022-08-03T14:07:25.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамфиннадзор өткөн жумада (25-29-июль) беш компаниянын, анын ичинде «Кыргыз почтасы» ишканасынын акцияларынын эмиссиясын мамлекеттик каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.**

Жеке эмиссиядагы акцияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим төмөнкү компанияларга карата кабыл алынган:

- «Кыргыз почтасы» ААК
- «Компания Аэростар» ААК
- «Технологическая компания Иссык-Куль» ААК
- «Ред Маунтинс» ААК
- «Наша победа» ЖАК

Economist.kg мурда маалымдагандай, «Кыргыз почтасы» ААКтын ээлик кылган [акцияларын каттоо](http://localhost/info-portal/novosti/2022/08/03/gosfinnadzor-zaregistriroval-uchreditelnyj-vypusk-akcij-kyrgyz-pochtasy/) министрлер кабинетинин Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» ишканасын 100% акциясы мамлекеттин менчигинде болгон ачык акционердик коом кылып **кайра түзүү** жөнүндө токтомунун алкагында жүргүзүлгөн.