> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Алтынбек Жумаевди кызматынан бошотуп, өзүнө кеңешчи кылып дайындады
- URL: https://im.kg/all/2022/08/03/prezident-altynbek-zhumaevdi-kyzmatynan-boshotup-z-n-ke-eshchi-kylyp-dajyndady/
- Published: 2022-08-03T11:28:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Белгилей кетсек, Жумаев буга чейин президенттин администрациясынын **маалыматтык саясат** кызматынын жетекчиси болуп эмгектенип келген. Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, кызматынан алынып, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алтынбек Жумаев 2010-жылдан кийин Жалал-Абаддагы “7-каналдын директору” болуп иштеп келген. Айрым маалыматтарга таянсак, Жумаев учурдагы УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары **Камчыбек Ташиевдин** жакын адамы болуп саналат.