> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин уставдык капиталы дагы 7.1 млрд сомго көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/03/uluu-k-chm-nd-r-murasy-holdinginin-ustavdyk-kapitaly-dagy-7-1-mlrd-somgo-k-b-jt-l-t/
- Published: 2022-08-03T09:48:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:54:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталы (мамлекеттик үлүшү 100%) акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу 7.1 млрд сомго көбөйтүлөт. Мындай чечим 13-июлда компаниянын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.**

КФБнын маалыматына таянсак, эмиссиянын көлөмү 71 млн жөнөкөй аталыштагы акцияны түзөт. Бир акциянын номиналдык баасы – 100 сом.

> Учурда “Улуу көчмөндөр мурасынын” уставдык капиталы **900 млн сомду** түзөт. Анын жалгыз акционери болуп Финансы министрлиги эсептелет.

> Акциялардын кошумча эмиссиясын жайгаштыруу келишиминен кийин холдингдин уставдык капиталы **8 млрд сомго** чейин көбөйөт.

Эске салсак, холдингдин баштапкы уставдык капиталы **100 млн сом** өлчөмүндө бекитилген. Кийинчерээк апрель айында холдингдин уставдык капиталы **800 млн сомго** [көбөйтүлгөн.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/05/uluu-k-chm-nd-r-murasy-holdinginin-ustavdyk-kapitaly-800-mln-somgo-k-b-jt-ld/)