> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери 20 миңден ашуун субъект ККМ менен иштөөгө өттү - жалпы 52 миң ККМ колдонулууда
- URL: https://im.kg/all/2022/08/03/zhyl-bashynan-beri-20-mi-den-ashuun-subekt-kkm-menen-isht-g-tt-zhalpy-52-mi-kkm-koldonuluuda/
- Published: 2022-08-03T17:31:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:00:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда ушул жылдын 6 айында ККМди колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698.1 млрд сомду түздү жана жалпысынан өлкөдө 52 миңдей ККМ колдонулууда. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады.** 

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351.8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201.6 %ды түздү.

> Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери **20 миңден ашуун** субъекттер ККМ менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча **52 миңден ашуун** ККМ колдонулууда.

ККМ-онлайнды киргизүүнүн аркасында Салык кызматынын маалымат базасына келип түшкөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар ишкерлердин ишин, анын ичинде экономикалык ишмердүүлүгүн көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн талдоого мүмкүндүк берүүдө.

Эске салсак, 2022-жылдын 10-майынан тартып Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүүдө, анын негизги милдети – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кыргызстандыктарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 95 миңден ашуун жаран катышууда, “Салык чек” тиркемеси аркылуу алар 6.1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти. Лотереянын экинчи утушу 1-октябрда өтөт.