> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кече көмүр кенинин директорлугуна 33 жаштагы Азамат Караев дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/04/kara-keche-k-m-r-keninin-direktoru-almashty/
- Published: 2022-08-04T16:14:50.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын директору болуп Азамат Караев дайындалганы [кабарланды](https://www.facebook.com/narynmedia/posts/pfbid031hcgssghfdHXFHKTbrtjy3ZHrDki8c5xuU8Lp1MGjR9E8Hp1GCv2yDZvh8JS78n6l).**

Аталган кызмат ордунда буга чейин директор болуп Болот Мухаммед уулу иштеп келген.

Караев 2015-жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Финансы жана бухгалтердик эсеп» бөлүмүндө башкы эсепчинин орун басары кызматына келип, «Кыргызкөмүр» МИнин Кара-Кече филиалынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.