> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен улам өндүрүш 150%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/08/04/narynda-kajra-ishtet-menen-elektr-energiyasyn-nd-r-n-n-esebinen-ulam-nd-r-sh-150-ga-st/
- Published: 2022-08-04T16:07:42.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:43:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 4-августа Нарында акыркы алты айда облуста аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган коллегия өтүп жатат. Анда үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу “Нарын медиа борбору” билдирди.**

Облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалымат берген. Анын айтымында, алты айда **1786.8 млн сомдук** өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи **150.6%ды** түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын алты айына салыштырганда 208.8 млн сомго көбөйгөн. 

> “Өнөр жайдын өсүшү **кайра иштетүү** менен **электр энергиясын өндүрүүдөн** улам көбөйгөн. Ошондой эле облуста жыл сайын малдын башы дагы өсүш берип, ири мүйүздүү мал 12 миң 523, кой-эчки 12 миң 761, жылкы 6203 башка көбөйгөн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми “Айылды инвестициялоо-3” долбоору менен алты ай ичинде 30 млн сомдук 4 ири долбоор ишке берилген. 

---

Бирок белгилей кетүүчү жагдай, КРда жарым жылда керектөө баалары 9%га кымбаттаса, эң көп баалар Нарын облусунда (12%) [көтөрүлгөн.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/07/13/kyrgyzstanda-zharym-zhylda-kerekt-baalary-9-ga-kymbattady-ajrykcha-narynda/)