> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад облусунун 101 айылы араб донорлорунун эсебинен таза суу менен камсыз болот
- URL: https://im.kg/all/2022/08/04/zhalal-abad-oblusunun-101-ajyly-arab-donorlorunun-esebinen-taza-suu-menen-kamsyz-bolot/
- Published: 2022-08-04T14:47:34.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:44:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду Жалал-Абад облусунун 101 айылын, ошондой эле Кара-Балта жана Сүлүктү шаарларын ичүүчү таза суу менен камсыздаган долбоорлоруна акча берет. Бул тууралуу коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Марс Наспеков билдирди дейт [24.kg](https://24.kg/ekonomika/241464%5Fibr%5Fisfr%5Fvyidelyat%5Fdengi%5Fnavodosnabjenie%5F101%5Fsela%5Fvdjalal-abadskoy%5Foblasti/)**.

Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык кеңешинин төртүнчү жыйынынын алкагында, Жалал-Абад облусунун 175 айылын таза суу менен камсыздоо долбоорлору донорлорго сунушталды. Жыйынтыгында, **101 айыл** жана 2 шаар каржылана турган болгон.

> «Жалпысынан долбоор **355 миң адамды** камтыйт. Биз Кыргызстанда ИӨБ менен көптөн бери долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Буга чейин макулдашылгандардын 85%ын бүтүрдүк», – деди Марс Наспеков.

Инвестициянын суммасы айтыла элек.

---

Эске салсак, 2017-2022-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусунун 25 айылында айылдарды таза суу менен камсыздоону жана канализацияны жакшыртуу долбоору ишке ашырылган. Бул долбоорго **23 млн доллар** керектелген, анын ичинен 15 млн доллары ИӨБдан, 5 млн доллары Ислам тилектештик фондунан алынган кредит болгон. Дагы 3 млн доллар министрлер кабинети тарабынан бөлүнгөн.