> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-сентябрга чейин транспорт жана турак жай салыгы боюнча маалыматтык эсеп берилиши керек
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/1-sentyabrga-chejin-transport-zhana-turak-zhaj-salygy-bojuncha-maalymattyk-esep-berilishi-kerek/
- Published: 2022-08-05T14:54:22.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:02:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин учурдагы салык мезгили үчүн транспорт каражатына жана турак жайга салык боюнча маалыматтык эсепти толтуруп, салык органына тапшыруу керектигин эскертет.**

Алсак, салык төлөгөнгө чейин төмөнкүлөр тапшырылышы керек:

- транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-090)
- турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-086).

> Маалыматтык эсепти электрондук түрдө [Salyk.kg ](https://salyk.kg/) “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырса болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн **административдик айып** каралган.