> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араб донорлору Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 млн доллар бөлөт, анын 85 млн доллары - кредит
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/arab-donorloru-kyrgyzstandyn-bilim-ber-tarmagyna-100-mln-dollar-b-l-t-anyn-85-mln-dollary-kredit/
- Published: 2022-08-05T10:16:21.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:48:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Араб координациялык тобу (АКТ) менен каржылык колдоо көрсөтүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу кечээ, 4-августта Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Министр келишимге ылайык, **Кыргызстан АКТдан 15 млн доллар грант** жана **85 млн доллар насыя алууга укуктуу экенин** билдирди.

Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталат. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана AКТнын башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.

> «Натыйжада, дагы 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалат, дагы 45 миң бала жаңы мектептерге барышат, 3 миң тарбиячы жана мугалимдер жумуш менен камсыз болушат», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, насыянын шарттары – мөөнөтү, жеңилдетилген мезгилдин бар же жоктугу, пайыздык чени жөнүндө маалымат берилген жок.