> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкек» ЭЭАнын субъекттери 320дан 302ге кыскарды жана реэкспорт токтоду - Тайчабаров
- URL: https://im.kg/all/2022/08/05/bishkek-eeanyn-subektteri-320dan-302ge-kyskardy-zhana-reeksport-toktodu-tajchabarov/
- Published: 2022-08-05T14:03:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:40:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акыркы эки жылда “Бишкек” ЭЭАнын субъекттери 220дан 203кө кыскарган. Бул тууралуу аталган аймактын башкы директору Кудрет Тайчабаров [билдирди](https://www.youtube.com/watch?v=igmlKvIyfqs).**

Тайчабаров ал директорлук кызматка келгенден бери “Бишкек” ЭЭАда кеңейүү, өсүш барбы деген суроого тескерисинче, резиденттер кыскарганын айтты.

> “Мыйзам боюнча 1 жыл эч кандай экономикалык өсүш көрсөтпөгөндөрдү биз сотко берип, статусунан ажыратабыз дагы, ордуна келген жаңыларды каттайбыз. **Биз келгенде 320 болчу, азыр 302 калды**“, – деди ал.

Ошондой эле Тайчабаров “Бишкек” ЭЭАда реэкспорт токтоп калганын айтты.

> “**Реэкспорт деген көрсөткүчтөн токтоп калдык**, анткени реэкспортко КНСти киргизип коюшту. Анда бизде да төлөшөт, барганда да төлөшөт. Бул ишкерлерге ыңгайсыз болгондуктан, бул тармак токтоп турат”, – деди Тайчабаров. 

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

[«Бишкек» ЭЭАнын директору Кудрет Тайчабаровдун Тойота Ланд Крузер унаасы менен iPhone 12 телефону талкууга түштү](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/03/bishkek-eeanyn-direktoru-kudret-tajchabarovdun-tojota-land-kruzer-unaasy-menen-iphone-12-telefonu-talkuuga-t-sht/)